Башкы Банк тууралуу
БАНК ТУУРАЛУУ
«BakaiBank» - бул ачык акционердик коом формасында түзүлгөн универсалдуу коммерциялык банк.

«БакайБанктын» түзүлүшүнө банктын башкы кеңсеси, Ош, Токмок, Жалал Абад, Кара Балта шаарларындагы, Ысык Көл облусунун Бостери айылындагы жайгашкан 5 филиалдан турат. Амананат кассаларынын тармагы Бишкек, Ош, Токмок, Каракол жана Жалал Абад шаарларын камтыйт.

«БакайБанк» ААК банк кызматтарынын кеңири түрүн тартуулайт. Азыркы учурда дүйнөнүн алдыңкы банктары жана КМШ өлкөлөрүндөгү банктар менен корреспонденттик мамилелер түзүлгөн.

Өзүнүн ишкердүүлүк убагынын ичинде банк каржы рыногунда өзүнүн позициясын бекемдеди жана бүгүнкү күндо Кыргызстандын каржы системасынын айрылгыс бөлүгү болуп эсептелет. Натыйжада, БакайБанк 2002-2004 жылдары финансылык ишкердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча 3 жыл бою Кыргызстандын мыкты банкы деп табылган. 2005 жана 2006 жылдары. финансылык ишкердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ардактуу 3 орунду ээлеген.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктардын арасынан жалгыз гана БакайБанк Вестерн Юнион системасы уюштурган TOP TEAMS "CLUB 500" WESTERN UNION (бул топ дүйнө жүзү боюнча алдыңкы тейлөө пунктарды бириктирет) тобуна кирет. Бул топтун ичинде БакайБанк алдыңкы жыйырманын ичинде. TOP TEAMS "CLUB 500" WESTERN UNION тобу Африка, Европа жана Борбордук Азияда жайгашкан 50 000ден ашык тейлөө пунктарын бириктирет.

Банктын биринчи түзүлгөн күндөрүнөн баштап, озунун ишкердүүлүгүндө өзгөчө банк операцияларын аткаруу сапатына жана ар бир кардарга ийкемдуу, жекече мамиле кылууну көздөйт. Банктын жетекчилиги кардарлар менен ар дайым каалаган каржы суроолорун, кызыктуу долбоорлорду, сунуштарды талкуулоого жана натыйжалуу чечимге келүүгө дайым даяр.