КРнын жарандары жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн бардык эсептик түрлөрүн улуттук жана чет өлкө валюталарында ачуу жана жүргүзүү.
Кардардын тапшырмасы менен бир операциялык күндүн ичинде анын банктык эсеби боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү.
Экспорттук-импорттук операциялар боюнча эл аралык эсептөөлөрдүн бардык формасын ишке ашыруу.
Аймак ичинде жана аймак аралык электрондук эсептөөлөр системасы боюнча төлөмдөрдү сом менен жүргузүү.
Корреспонденттик эсептер аркылуу чет өлкөлүк банктарда SWIFT системасы менен эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүү
Акча каражаттарын кардарлардын эсебине банкка түшкөн күнү эсепке киргизүү.
Акча каражаттарын эсепке түшкөн күнү колдонуу.
Банктык операцияларды жүргүзүүнүн ирети жана кассалык тартипти сактоо боюнча кеңеш алуу
Эсептеги акча каражаттардын кыймылы тууралуу так жана ыкчам маалымат алуу.
"Клиент-Банк" электрондук эсеп системасы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү
Кассалык операциялар
Банктын кассасында, кардардын накталай акча каражаттарын улуттук жана чет өлкөлүк валютада алуу жана кайра санап эсебине киргизүү.
Мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга эмгек акы төлөөгө жана башка чыгымдарга накталай акча каражаттарын алдын ала даярдоо
КРсынын мыйзамдарына ылайык командировкалык чыгымдарды накталай чет өлкөлүк валюталарда эсебинен берүү.
Банкнотту банкноталарга алмаштыруу
Кардардын талабы боюнча накталай акча каражаттарын эмгек акы төлөөгө жана башка чыгымдарга анын эсебинен төлөп берүү. Кардарды эсептик-кассалык тейлөө операциянын түрүнө байланыштуу акысыз же Банктын бекитилген тарифтерине ылайык акы менен жүргүзүлөт. Эгер банктык эсептик Келишим боюнча башка шарттар алдын ала караштырылбаса.