Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Google Play жана App Store’дун баалоосу боюнча Bakai Кыргызстандагы мыкты каржы тиркемеси деп кайрадан табылды

30 Апрель 2024

Каржы технологиялары дүркүрөп өнүгүп жаткан дүйнөдө, колдонуучулардын талаптарына төп келип гана чектелбестен, андан да ашып түшкөн инструменттерге ээ болуу, зарыл нерсе. Economist.kg басылмасы жүргүзгөн акыркы иликтөөсүндө колдонуучулардын берген баасы боюнча каржы тиркемелеринин арасынан биздин Bakai эң мыкты тиркеме деп табылып, кайрадан алдыңкы сапка чыкты. Бул рейтингди түзүү үчүн басылма тиркемелердин соода аянттары аркылуу колдонуучулар берген баалардын саны жана сапатына карап анализ жүргүзгөн. 

4.8 деген жогорку баа менен биздин Bakai мобилдик тиркемебиз биринчи орунду татыктуу ээледи! 
Ушул сыяктуу эле изилдөөнүн жыйынтыгы менен өткөн жылдын күз айларында Bakai тиркемеси калтырылган пикирлердин жыйынтыгы менен биринчи орунга чыккан. 


Атаандаштарынын арасында биздин тиркеме колдонуучулар берген баа менен гана эмес, өзгөчө артыкчылыктары менен да айырмаланып турат: 
-Колдонуу үчүн жөнөкөйлүгү: тиркеменин ийкемдүү интерфейси каржы жаатын башкарууну каржылык тажрыйбасы жок адам үчүн дагы оңой жана түшүнүктүү кылып коёт. 
- ⁠Bakai GPT: күнүмдүк маселелерди чечүүдө каалаган суроого жооп алууга мүмкүн болгон инновациялык сервис;
- ⁠”Акылдуу акча которуулар”: онлайн-которуулардын артыкчылыгын ашырган уникалдуу функция. Тиркеме сиздин төлөм жүргүзүү тарыхыңызды анализдеп чыгып, акча жиберүүнүн ыңгайлуураак жолдорун сунуштай алат. Мында, болгону телефон номерди, картанын номерин же колдонуучунун атын жазуу жетиштүү; 
- ⁠Тиркемедеги Ислам каржылары боюнча режим: шариатка жооп берген бардык стандарттарды кармануу менен “Мудараба” жана “Мурабаха” банк продукттарына болгон жетки. 
- “Эң мыкты каржы тиркемеси” рейтингиндеги биздин лидерлигибиз каржы технологиялары тармагындагы сапатка жана инновацияга болгон умтулуубузду тастыктайт. Биз жалпы бардык колдонуучуларыбызга ишеним артканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана сиздердин талаптарды канааттандырып, ишеничиңиздерди актоо максатында тиркемебизди мындан да жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө сөз беребиз. Биздин каржы тиркемебиз сиздердин максаттарыңыздарды ишке ашырууда жана каржылык көз карандысыздыкка болгон умтулууңуздарда ишенимдүү өнөктөш болуп кала берерине ишенебиз. 

Бакай Банк - Сиздин инновациялык Банкыңыз

Bakai’га өтүңүз

Поделиться