Башкы Жеке жактарга Керектөөчүлүк насыя
КЕРЕКТӨӨЧҮЛҮК НАСЫЯ
Туруктуу иш орду жана ай сайын туруктуу кирешеси бар жеке жактарга Банк керектөөчүлүк максаттарга сом, АКШ доллары жана Евродо насыяларды берет.
Биздин Банктын керектөөчүлүк насыяларынын артыкчылыктары:
  • Насыянын пайыздык чени 20% жылына.
  • 1000 АКШ доллары (башка валюталарда эквиваленти) 2 кепилдиктин көрсөтүүсү менен берилет, күрөөгө кыймылсыз мүлк камсыздоосуз.
  • Мөөнөтүнөн мурда кайтаруу үчүн комиссиясыз
  • Насыяга кайрылуу билдирмесин карап чыгуу мөөнөтү - 3 иш күнү. Убакыт шарты насыяга кайрылуучу керектүү документтерди чогултуп тапшырганда аткарылат.
  • Насыя керектөөчүлүк максаттарга берилет (автоунаа сатып алуу, тиричилик техникасын, окуу жай төлөмдөрүн төлөө, салтанаттуу кечелерди өткөрүү, уйду оңдоо жана куруу иштери ж.б.у.с. )
  • Насыя сом, АКШ доллары жана Евродо берилет.
Выгодные кредиты Бакай Банка
Насыя алуу шарттары
Насыя мөөнөтү
3 айдан 24 айга чейин

Баштапкы төлөм
30% наркынан

Күрөөгө кыймылсыз мүлк камсыздоосуз насыянын суммасы.
50 АКШ долларынан 1 000 АКШ долларына чейин

2 000 сомдон 45 000 сомго чейин

50 Евродон 800 Еврого чейин


Күрөөгө кыймылсыз мүлк камсыздоосуз насыянын суммасы.
1001 АКШ долларынан 20 000 АКШ долларына чейин.

45 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин

801 Евродон 16 000 Еврого чейин.

Кайтаруу тартиби:
ай сайын тең бөлүктөр менен (аннуитеттик төлөмдөр), насыялык комитеттин чечими менен ийкемдүү кайтаруу тартибин сунуштоо мүмкүнчүлүгү каралган.

Камсыздоо:
Күрөөгө кыймылсыз мүлк, автоунаа, жабдууларды, өз мүлкү (кыймылдуу), соода жүгүртүүсүндөгү (мүлкү) товар.

Насыя боюнча төлөмдөрдүн өлчөмү жана мезгилдүүлүгү насыялык келишимде көрсөтүлгөн шарттардан айырмаланышы мүмкүн. Бул насыя боюнча төлөм тартиби коомдук оферта болуп эсептелбейт жана жөн гана таанышуу үчүн арналган.
    • Жаш курагы: насыяга кайрылган маалда 20 жаштан 60 жашка чейин болуусу шарт;
    • Насыяга кайрылууну карап жаткан Банктын жергиликтүү өкүлчүлүгү жайгашкан аймакта туруктуу же убактылуу каттоосу. Убактылуу каттоо көрсөткөн убакта КР аймагында милдеттүү түрдө туруктуу каттоонун болуусу керек.
    • Акыркы иштеген жеринде иштөө мөөнөтү: 6 айдан кем эмес
    • Жакшы насыялык тарыхы менен кардарлар
    • Насыялык таржымалы жок кардарлар
    • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту
    • Тизмедеги каалаган документтердин бири
      • паспорт; никеси тууралуу күбөлүк жолдошунун кайтыш болгон туурасында
      • Кайрылуучунун кирешесин тастыктаган документтер
      • Патент;
      • Тууруктуу жашаган жеринен маалым кат
      • Жолдошунун насыя келишимин түзүүгө нотариалдык түрдө макулдугу жөнүндө бекитилген арызы. Эгер кайрылуучу никеде турбаса, анда нотариалдык түрдө бекитилген мүлккө талапкерлердин жоктугу тууралуу арыз
      • Сатып алуучулар жана жабдып туруучулар менен болгон келишимдердин ксеро көчүрмөсү (бар болсо);
      • Ишкердүүлүктө колдонуучу негизги жеке каражаттарына ээлик кылуу укугун тастыктоочу документтер.