Башкы Жеке жактарга Индивидуалдык сейфтик уячалар
ЖЕКЕ СЕЙФТИК УЯЧАЛАР
    Сиз кымбат баалуу мүлкүнүздү сактаганга жай таппай жүрөсүзбү? +йдөгү кымбат баалуу мүлк жаздык астында же уйдөгү жашыруун жерде ишенимсиз катылганы сизди тынчсыздандырып жатабы? Кымбат баалуу мүлкүңүздү ишенимдүү сактыка жана күнү түнү көзөмөл алдында болуусун кааласаңыз, банкка сактоого тапшыруу ыңгайлуу. Сиз жеке банктык сейфте өзүңүздүн акчаңызды, маанилүү документтериңизди, баалуу кагаздарыңызды, зергер буюмдарыңызды жана чеберчилик чыгармаларын - сактасаңыз болот.
    Сиз сейфтик уячаны каалаган, көрсөтүлгөн мөөнөткө – бир айдан бир нече жылга чейин ижарага ала аласыз. Командировкага, эс алууга кетип жатканда же кымбат баалуу буюмду сатып, ал сумманы колдонууга чейин сактоо зарылчылыгы пайда болгондо кыска мөөнөткө ижарага алуу өзгөчө ыңгайлуу. Андан сырткары БакайБанк узак мөөнөткө (6 айдан өйдө) сактоого арзандатуу тартуулайт. Бул албетте, сактоону пайдалуу кылат.
    Банктык сейф атайын жабдылган БакайБанктын бөлмөсүндө турат. Депозитарийлер күнү түнү коргоодо, кирүү мүмкүнчүлүгү чектелип, заманбап коргоо каражаттары жана видеокамералар менен жабдылган. Банктык сейфтер бекем корголгон жана ар түрдүү өлчөмдөгү уячалардан турат. Ар түрдүү өлчөмдөгү уячалар Сиздин сактай турчу кымбат баалуу мүлкүңүздүн өлчөмдөрүнө байланыштуу жана уяча тандоодо ыңгайлуу келет. Сейфтик уячага ижара келишими түзүлгөндөн кийин толук тынч болсоңуз болот, анткени уячалардын эки кулпусу бар, ачуу үчүн эки ачкыч тең бир маалда ачыш керек, ансыз ачуу мүмкүн эмес. Сизден башка чоочун кишилердин кирүүсү мүмкүн эмес.
    Банктык уячаларды колдонуу боюнча Банктын адиси менен кеңешкенден кийин, ал депозитарий бөлмөсүнөн чыгып кетет. Мына, ушинтип, уячанын ичиндеги маалымат эч кимге белгисиз болуп, жашыруундукту камсыз кылат. БакайБанк коопсуздугуна жана кол тийбестикке кепилдигин берет