

Кымбат баалуу кагаздар менен операциялар
БакайБанк ААК Кыргызстандын Баалуу Кагаздар рыногунун абалы боюнча толук, так маалымат тартуулайт. Кардардын бардык каалоолорун эсепке алуу менен Банк консультациялык тейлөө жана брокердик кызматтарын жогорку сапатта жүргүзөт.
Банк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен бардык түрдөгү операцияларын ишке ашырат:
- мамалекеттикк казыналык векскелдер менен операциялар.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ноталары менен операциялар.
Мамлекеттик казыналык векселдер
Кыска мөөнөттөгү мамлекеттик баалуу кагаздар карыздарды жайгаштыруу жана акча каражаттарын мобилизациялоо максатында чыгарылат МКВ (ГКВ) эркин сатып алынат жана сатылат. Юридикалык жана жеке жактарга номиналдык баасында жеңилдетилип сатылат. Номиналдуу баасы - 100 сом.
Мамлекеттик казыналык облигациялар
Мамлекеттик баалуу кагаздар карыздарды жайгаштыруу жана акча каражаттарын мобилизациялоо максатында чыгарылат.
МКО (ГКО) - юридикалык жана жеке жактар тарабынан номиналдык баасында жеңилдиктер менен эркин сатып алынат жана сатылат. Номиналдуу баасы - 100 сом. МКОнын колдонуу мөөнөтү 2 жыл.
КРУБ ноталары
Бул КРУБ (НБКР) тарабынан чыгарылган колдонууда жүргөн акча массасын жөнгө салуу үчүн кыска мөөнөттөгү мамлекеттик баалуу кагаздар. Ноталар арзандатуу (дисконт) менен сатыкка чыгарылат, бирок номиналдык баасы боюнча кайтарылат. Бир нотанын номиналдуу баасы - 10 000 сом.
КР мамлекеттик баалуу кагаздары менен операция жүргүзүү боюнча суроолор менен сиз БакайБанктын Казыналык башкармалыгына же (312) 61-00-61 номерине чалып кайрылсаңыз болот.
- накталай жана накталай эмес чет элдик валюталардын сатып алуу-сатуу курстарын, кросс-курстарын белгилейт;
- банктын дилингдик жана валюталык стратегиясын ишке ашырат;
- банк аралык валюталык рынокто жана эл аралык рынокто келишимдерди жүргүзөт;
- улуттук жана чет элдик валютада акча каражаттарын тартуу жана жайгаштыруу боюнча банк аралык келишим түзүү жана өз убагында ресурстарды кайтарууну көзөмөлдөйт;
- тышкы экономикалык ишкердүүлүгүн жүргүзгөн уюмдарга, өнөктөш мекемелерге жана башка Банктын кардарларына консультациялык жардам көрсөтөт;
- банктын ликвиддик нормативдерин, ачык валюталык позициясын жана акча каражаттарынын корреспонденттик эсептерде жогорку ченин көзөмөлдөйт;
- финансылык рыноктун ар кандай тармактарына инвестициялөөну анализдейт;
- баалуу кагаздарды сатып алуу / сатуу.