Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр,
“Бакай Банк” ААК Сиздин каалоолоруңузду эске алуу менен, ар дайым өзү сунуштоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга аракеттенет.
Банк өз кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн, тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча кайрылууларды берүүнүн бир нече ыкмаларын сунуштайт.
Сизде суроолор жаралса, төмөнкү аракеттерди жасасаңыз болот:
- dialog@bakai.kg электрондук дарегине билдирүү жөнөтүү;
- Банктын бөлүмүндөгү “Даттануулар жана сунуштар китебине” жазууларды жүргүзүү;
- Кайтарым байланыштын электрондук формасын толтуруу;
- Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Мичурин көч. 56 (Тыныстанов атындагы көчө менен кесилишет), почталык дарегине кат жөнөтүү;
- Байланыш-Борбору аркылуу +996(312) 61 00 61, моб.: 6111, вотс ап: + 996(554) 00 61 11 номерлерине чалуу;
- Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларды жеке кабыл алууга жазылуу. Кабыл алуу графиги менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Идентификациялоо үчүн жана кырдаалды тереңирээк түшүнүү үчүн керектүү маалыматтарды кенен көрсөтүүңүздү өтүнөбүз. Маалыматтардын кеңири баяндалышы Сиздин кайрылууңузга толук жооп даярдообузга мүмкүндүк берет.
Төмөнкү кайрылуулар каралууга жатпайт:
- окууга мүмкүн эмес болгон кайрылуулар;
- уят сөздөрдү жана кемсинткен сөздөрдү камтыган кайрылуулар;
- мурда каралган кайрылуулар;
- жашыруун (ээси көрсөтүлбөгөн) кайрылуулар;
- «Бакай Банк» ААКтын компетенциясына кирбеген кайрылуулар.
«Бакай Банк» ААКтын кардарларынын даттанууларын жана сунуштарын кабыл алуу жана карап чыгуу жөнүндөгү жободон көчүрмө.