Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Product Image

Кайтарымдуу каржылык жардам Бизнес кредиттер

3 000 000 сомго чейин
Суммасы
бар
Күрөө
Чакан жана орто бизнести колдоо жана калыбына келтирүү максатында
Иш багыты
36 айга чейин
Мөөнөтү
0%
пайызы

Кредит COVID-19 пандемиясына байланыштуу кризистик кырдаалдан жабыр тарткан чакан жана орто ишкаларга колдоо көрсөтүү жана калыбына келтирүү максатында караштырылат.

Максаттуу аудитория:

Банкка арыз берилген датадагы мезгилге карата 6 айдан кем эмес иштеген туруктуу бизнеси бар жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:

1-категория:

КР салык мыйзамдарына ылайык иш алып барышкан, жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашапаган жеке ишкерлер (учурда иштеп турган, ошондой эле Банкка арыз берилген датадагы мезгилге карата 6 айдан кем эмес иштеген)

2-категория:

Чакан жана орто бизнес:

-  Жеке ишкерлер (Банкка арыз берилген датадагы мезгилге карата 6 айдан кем эмес иштеген) жана

-  КР салык мыйзамдарына ылайык иш алып барышкан, жылдык жүгүртүүсү 30 млн. сомдон ашпаган юридикалык жактар (Банкка арыз берилген датадагы мезгилге карата 6 айдан кем эмес иштеген)

Кредиттин валютасы:сом

Кредиттин мөөнөтү: 36 айга чейин

Сумма кредита:Кредиттин суммасы:

1-категория: 1 000 000 сомго чейин (кошо алганда)

2-категория: 3 000 000 сомго чейин (кошо алганда)

Мурда кайтарымдуу каржылык жардам алышкан бенефициарлар белгиленген лимиттердин чегинде кайтарымдуу каржылык жардам алууүчүн банкка кайрыла алышат. Карыз алуучу мурда категориялардын бири боюнча эң жогорку сумманы алган болсо, кайтарымдуу каржылык жардам ала албайт.

Максаттуу багыты:

Продуктунун ушул паспортунун алкагында кредиттер төмөнкү максаттарга берилиши мүмкүн:

1. Инвестициялык каржылоо (жабдуу, санариптик технологиялар, жашыл экономикага ыңгайлашуу жана ылайыкташуу ж.б.)

2. Операциялык жүгүртүү капиталы (сырье, материалдар, камдар, товарлар жана ишмердик жүргүзүү/жаңыртуу үчүн керектүү болгон башка ресурстар)

3. Операциялык чыгымдар (эмгек акыны/ижара акысын/коммуналдык ж.б. төлөмдөрдү төлөөнү кошо алгандагы чыгымдар)

Айыл жериндеги ишкердикти эске албаганда, айыл чарбасы каржыланбайт, мисалы: айыл чарба продукциялары менен соода кылуу, айыл чарба продукцияларын жеткирүүгө катышуу.

Пайыздык чен:  жылдык 0 %

 

Күрөөлүк камсыздоого карата талаптар

 

Камсыздоо катары төмөнкүлөр кабыл алынышы мүмкүн:

Кыймылсыз мүлк;

Автоунаа (жеңил, жүк ташуучу, эл ташуучу);

Жеке мүлк;

Жабдуу (анын ичинде контейнер жана павильон);

Жүгүртүүдөгү товарлар;

Келечекте келип түшүүчү мүлк, ошондой эле жүгүртүүдөгү товарлар;

Кепилдик берүү;

Кредиттик комитеттин чечими боюнча Банктын талаптарына жооп берүүчү камсыздоонун башка түрлөрү.

 

 

Консультация алуу үчүн:

ЖЕКЕ ИШКЕРДЕН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ
  1. Жеке ишкердин коммерциялык кредит алуу жөнүндөгү арызы;
  2. Кардардын, жубайынын паспорту/никеси жөнүндө күбөлүк (бар болсо);
  3. Кепилдик берүүчүлөрдүн жана Күрөө берүүчүлөрдүн паспорттору;
  4. Соода түйүнүн ижарага алгандыгы жөнүндө келишим же базар администрациясынын соода түйүнү ижарага берилгендиги жөнүндө маалымкаты (бар болсо);
  5. Жеке ишкердик менен алектенген жеке адамдын патенти же мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо);
  6. Лицензия (Банк тарабынан түп нуска менен салыштырылып текшерилген) (бар болсо).
  7. Бизнес боюнча башка документтер.

 

ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ

 

  1. Юридикалык жактын коммерциялык кредит алуу жөнүндөгү арызы;
  2. Уюмдаштыруучулук-уюштуруучулук документтердин нотариалдык жактан тастыкталган же юридикалык жактын (Карыз алуучунун) мөөрү басылган жана жетекчисинин колу коюлган көчүрмөлөрү;
  3. Карыз алуучунун атынан кредиттик келишимди, камсыздоо келишимдерин түзүүчү жана ага кол коюучу адамдардын кызматка дайындалгандыгын жана алардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтер;
  4. Акыркы отчеттук жыл үчүн салык органдары тарабынан кабыл алынган жылдык финансылык отчеттун көчүрмөлөрү;
  5. Кардардын эсебинин белгилүү бир мезгилдеги көчүрмөсү (бар болсо);
  6. Мурда алынган кредиттери жөнүндөгү маалыматтар келишимдердин жана төлөм документтеринин көчүрмөлөрү менен бирге (бар болсо);
  7. Карыз алуучунун акыркы 12 айдагы эсептешүү жана валюталык эсептери боюнча айлар жана банктар боюнча бөлүштүрүүлгөн жүгүртүүлөр жөнүндө маалымкат;
  8. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечими, ал чечимде кредит алуу жөнүндөгү чечим так көрсөтүлүшү керек (кредиттин суммасын, пайыздык ченин, кредиттин мөөнөтүн жана болжолдонгон камсыздоону көрсөтүү менен);
  9. Кепилдик берүүчүлөрдүн жана Күрөө берүүчүлөрдүн паспорттору;
  10. Бизнес-план (зарыл учурда).

 

Байланыш жактар боюнча документтер (бар болсо)

  1. Жеке адамдар боюнча: өздүгүн тастыктоочу документ (паспорт, ID карта);
  2. Юридикалык жактар боюнча: устав, уюмдаштыруу келишими, СИН.

Рассчитайте свой кредит

Насыянын суммасы

Суммасы тандалган жок

Пайыздык чен

28 %

Аннуитеттик төлөмдөр

0

Жалпы суммасы төлөнөт үчүн

0

Консультация алууга билдирме калтырыңыз

Консультация алуу үчүн бизге жазсаңыз же телефон чалсаңыз болот


Сиздин маалыматтарыңыздын коопсуздугуна жана сакталышына кепилдик беребиз

Бакай Банктын башка кредиттери