- банктын филиалына же аманат кассасына кайрылуу зарыл;
- инсандыкты тастытктаган документти кошо ала келүү талап кылынат;
- документтердин толук топтомун толтуруу зарыл.
“БАКАЙ БАНКЫ» ААКсынын банкоматтарынан же болбосо төлөм системасынын Visa же ЭЛКАРТ логотиби болгон башка банктардын банкоматтарынан.
“БАКАЙ БАНКЫ» ААКсынын же башка банктардын Сизди тейлөөгө алган төлөм системасынын карттарын (Visa же ЭЛКАРТ) тейлеген башка банктардын нак акча берген пункттарынан (POS-терминал аркылуу). Бул учурда да банктын талабына ылайык инсандыкты тастыктаган документтин болушу талап кылынат.
- Төлөм карттарын коопсуз пайдалануу үчүн банктын банкоматтарында нак акча чыгарып алууда бир транзакция үчүн 15 000 сом/300 АКШ доллары өлчөмүндө лимит белгиленген.
- ПИН-код үч жолу туура эмес киргизилген шартта картка бөгөт коюлат, карттарга да колдонуу мөөнөтү белгилене тургандыгын эске алуу зарыл. Ал карттын алдыңкы бетинде көрсөтүлөт. Картты колдонуу талабын так сактоо зарыл. Анткени, чиптин жана/же магниттик тилкенин жараксыз болуп калышы карттын жокко чыгарылышына алып келет. Ушундай жагдайларда да төлөм картын кайра чыгартып калуу үчүн банкка кайрылуу зарыл.