Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Бакай Банк Панфилов райондук мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына жардам көрсөттү

01 Июнь 2023

“Бардык чоң адамдар алгач бала болушкан,

бирок алардын бардыгы эле аны эстей беришпейт”.

"Кичинекей ханзада", А. Сент-Экзюпери

Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында Бакай Банктын кызматкерлери Панфилов районундагы жетим балдар жана ата-энелери кароосуз калтырышкан балдар тарбияланышкан мектеп-интернатына барышты.Социалдык мекеменин тарбиялануучулары үчүн уюштурулган майрамга белгилүү спортчулар, блогерлер жана компаниянын өнөктөштөрү катышышты.  

Бакай Банктын Башкармасынын Төрайымы Нургүл Сатарова: “Балдарды коргоо күнү – бул жөн гана майрам эмес. Бул майрам бизге-чоңдорго балдар биздин колдообузга, камкордугубузга, жана кам көрүүбүзгө муктаж экендигин эскертип туруучу күн” - деди.

Банк Балдарды коргоо күнүнө карата мектеп-интернатка балдар аянтчасын жана воркаут-аймак тапшырды. Тапшыруу аземине оор атлетчи Иззат Артыков катышып, балдарга Улуттук Олимпиадалык Комитеттин атынан спорттук жабдууларды белек кылды. Блогер Байгазы Темирбеков балдарга сыналгы белек кылды, ал эми Мээрим Төлепберген китептерди тапшырды.“Бакай Банктын” өнөктөшү ”Пингви” соода маркасы акцияга колдоо көрсөтүп, интернаттын бардык тарбиялануучуларына балмуздак берди.

Биз 1-июнга арналган иш-чараларды жыл сайын өткөрүп келебиз. Бакай Банк үчүн юбилейлик болуп саналган жана “25 жыл – 25 жакшы иш” девизи алдында өтүп жаткан ушул жылы мектеп-интернатка бир жолку жардам көрсөтүп эле тим болбостон, балдардын ар тараптуу өнүгүүсү жана алардын жаркын келечеги үчүн шарт түзүү чечими кабыл алынды. Демилгелерибизге колдоо көрсөтүшкөндүктөрү үчүн биздин досторубузга жана өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиребиз” – деди өз сөзүндө Бакай Банктын Башкармасынын Төрайымы Нургүл Сатарова.  

ВРЕЗ: Көптөгөн иш-чаралар Банк үчүн салтка айланып калды, ал иш-чаралар өткөрүлүп келген жана мындан ары дагы өткөрүлө бермекчи.

Социалдык мекеменин администрациясы балдарга жана мектепке көрсөткөн колдоолору үчүн Банктын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Аталган метеп-интернаттын мурда спорт аянтчасы жок болчу, бул тарбиялануучулар үчүн мыкты белек болду.  

Майрамды аяктап жатып, Бакай Банктын Башкармасынын Төрайымы Нургүл Сатарова балдарга төмөнкүчө кайрылды: “Силердин күлүп турган жүзүңөр абдан жагымдуу көрүнөт. Бардыгыңардын ойлогон кыялыңар орундалсын. Алдыга бийик максаттарды коюудан жана ал максаттарды көздөй кадам таштоодон тартынбагыла. Келечегиңер кең болсун!”