Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Банктык эсебиңизди кара өзгөй адамдардан кантип коргоо керек.

21 Июнь 2022

Бакай Банк өзүнүн тейлөө тармактарын тынымсыз өркүндөтүп келет, ошондой эле өз кардарларына ыңгайлуу жана пайдалуу болуусу үчүн инновациялык технологияларды ишке киргизүүдө. Бирок заманбап технологиялардын өнүгүүсү менен бирге, кара өзгөй адамдар жарандарды алдап алардын акчаларын уурдоо үчүн пайдалана турган ыкмалардын саны дагы өсүүдө.

            Эскертилген адам – куралданган адам!

Биз Сиздин каражаттарыңыздын сакталышы үчүн кам көрөбүз жана Банктын кардарларын алдоо тобокелдиги менен байланышкан болжолдуу көйгөйлөргө кылдат мониторинг жүргүзүп турабыз. Бул макалада биз көп жайылган алдамчылык схемаларын карап чыгабыз жана алдамчылардын курмандыгы болуп калбашыңыз үчүн бир нече кеңештерди беребиз.

“Банктан телефон чалуулар”

  • Бул алдамчылыктын эң көп кездешүүчү ыкмаларынын бири. Банк кызматкери ЭЧКАЧАН Сизден картанын персоналдык маалыматтарын – анын толук номерин, ПИН-кодду же CVV кодду сурабай тургандыгын эске тутуу зарыл. Андай маалыматтар алдамчыларга гана керек, алар маалыматтарды алгандан кийин Сиздин акча каражаттарыңызга жеткиликтүүлүк алышат.

Банк кардарлардын карттары боюнча жүргүзүлгөн операцияларга карата мониторинг жүргүзүп турат жана шектенүүлөр пайда болсо, банктын кызматкерлери кырдаалды тактоо үчүн Сиз менен байланышка чыгышат. Эсиңизде болсун текшерүү үчүн Сиздин коддук сөзүңүз жана картаңыздын алдыңкы бетиндеги акыркы 4 сан (ПИН- же  CVV код менен алматырып албаңыз) гана керек болорун эстеп алыңыз.

Фишингдик сайттар

  • Бул ыкма Сиздин жеке маалыматтарыңыз болуп саналган – логиндериңизге, купуя белгилериңизге жеткиликтүүлүк алуу үчүн алдамчылыктын кенен жайылган түрү болуп саналат жана Банктын атынан жөнөтүлгөн электрондук каттарды, ошондой эле социалдык тармактардын ичинде жеке билдирүүлөрдү жөнөтүү жолу аркылуу жүргүзүлөт. Катта сайтка же редикректи бар сайтка карата түз шилтеме камтылат, ал сыртынан караганда чыныгы шилтемеден айырмаланбайт. Бирок ал жасалма. Колдонуучу жасалма баракка киргенден кийин, алдамчылар ар кандай психологиялык ыкмаларды колдонуу менен жасалма баракчага өз логиниңизди жана купуя белгиңизди киргиздирүүгө аракет кылышат. Мунун өзү алдамчыларга Сиздин аккаунттарыңызга жана банктык эсептериңизге карата жеткиликтүүлүк алууга мүмкүндүк берет.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу өз кардарларыбыздан эч качан карталардын маалыматтарын, лоиндерди жана купуя белгилерди текшерүүдөн өтпөгөн сайттарга киргизбөөгө, 3D Secure жашыруун коддорун эч кимге билдирбөөгө чакырабыз.

Ортомчулардын кызмат көрсөтүүлөрү

  • Бул ыкма акыркы учурларда кара өзгөй адамдар тарабынан активдүү колдонулуп жаткан алдамчылыктын бир түрү -  чет өлкөдө, айрыкча Россия Федерациясында эсеп ачууда жана Бакай Банктын картасын алууда ортомчулук кызматтарды сунушташат.

Расмий түрдө эскертебиз: Бакай Банк Кыргыз Республикасынан тышкаркы аймактарда эсептерди ачпайт жана карталарды бербейт. Ушундай жол менен “жардам берүү жана ортомчулук кызматтарды сунуштоо” – бул алдамчылык!

Биз банк ишмердигинин жогорку эл аралык стандарттарын колдонуу менен гана Сиздин каражаттарыңызды кылдат сактап, аларды көбөйтүүнүн үстүндө кесипкөйлүк менен иш алып барабыз.

Аяр болуңуздар, алдамчылардын торуна чалынбаңыздар! Биздин Банктын расмий булактарынын маалыматтарын жана колдоо кызматтарын гана пайдаланыңыздар!