Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Бакай Банктан жаңылык: кешбэкке, жеңилдетилген мезгилге жана овербаланска ээ кредиттик карт

20 Апрель 2021

Эми кешбэкти же пайыздар боюнча жеңилдетилген мезгилди тандап отуруунун кереги жок – Бакай Банктын бардык жаңы Visa кредиттик карттары эки опцияны тең камтуу менен чыгарылат. Андан тышкары овербаланска жол берилген – кредиттик картыңызды акча каражаттарын сактоо үчүн жана онлайн-төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланыңыз.

5 айлык маяна ар дайым кол алдыңызда

Бакай Банктын Visa кредиттик карты – бул карт боюнча карт ээсинин 5 айлык маянасына барабар болгон каражат 2 жыл бою жеткиликтүү. Каалаган учурда ал сумманы толук бойдон же жарым-жартылай алууга болот, сумма кайтарылгандан кийин кредит картта кайрадан жеткиликтүү абалга келет.

Кредиттик карт – бул абдан ыңгайлуу: кредит алуу үчүн документтерди топтоонун же тааныштардан карыз алуунун кереги жок. Күтүүсүз сарптоолор үчүн ар дайым сиздин сактоодогу акчаңыз бар.

30 күнгө чейин пайыздык чен 0%

Карт боюнча жеңилдетилген мезгил 30 күнгө чейин созулат (кийинки айдын биринчи числосуна чейин). Бул мезгилдин ичинде соода түйүндөрүндө нак эмес түрдө төлөө менен сатып алууларды жүргүзгөн учурда, банк каражаттардын пайдаланылгандыгы үчүн пайыздарды чегербейт.

Эгерде коротулган каражаттарды учурдагы айдын акырына чейин кайтарсаңыз, анда сиздин кредит пайызсыз болуп калат!

Айына 2000 сомго чейинки кешбэк

Банк айына 2000 сомго чейинки сумманы картка кайтарат. Сиз карт аркылуу 500 сом жана андан жогорку төлөөлөрдү жүргүзгөн сайын сумманын 5 пайызы балл түрүндө кошулуп эсептелет. Айдын акырында 250 же андан жогору болгон бонустар топтолсо (1 бонус = 1 сом), акча каражаты сиздин картыңызга кайтарылат.

Кешбэктин айына максималдык суммасы 2000 сомду түзөт. Акция 2021-жылдын 31-декабрына чейин улантылат.

Овербаланс: карт эми – кредит эле эмес

Картты кредиттик карт катары эле колдонбостон, ага өз каражаттарыңызды сактап жана сарптасаңыз болот. Албетте бул учурда эч кандай пайыздарды төлөбөйсүз.

Мисалы, сиз саякатка чыкканда ар кандай сарптоолор үчүн картыңызга 30 000 сом салдыңыз дейли. Сиз ал 30 000 сом жетиштүү деп ишенесиз, бирок ошол эле маалда форс-мажордук жагдай келип чыга турган болсо, сиз кабатырланбайсыз, анткени 30 000 сомду коротконуңуздан кийин дагы карт аркылуу төлөй аласыз, себеби картта сиздин 2-5 айлык маянаңыз өлчөмүндөгү лимит калат.

Каражаттарды комиссиясыз чыгарып алуу

Эми акча каражаттарын карттан комиссиясыз чыгарып алуу Бакай Банктын банкоматтарында жана кассаларында мүмкүн. Достук тармактын банкоматтарынан чыгарып алууда 0,5% комиссия алынат.
Достук тармакка төмөнкү банктардын банкоматтары кирет: «КИКБ», «Айыл Банк», «Дос-Кредобанк», «Азия Банкы», «ФинансКредитБанк КАБ», «‎Капитал Банк».

Visa картынын арыкчылыктары

Бакай Банкта кредиттик картты Visa Classic, Visa Gold же Visa Infinite карттарынын базасында ачса болот. Ошону менен бирге эл аралык төлөм системасынын карттарынын мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде төмөнкүлөрдү пайдаланууга мүмкүн:

  • Бакай Банктагы бардык Visa карттарында 3D Secure системасы колдонулат, мунун өзү керексиз чыгарып алуулардын болуу тобокелдигин олуттуу азайтат
  • PayWave контактсыз төлөө технологиясы: анча чоң эмес сатып алууну төлөө үчүн картты  POS-терминалга жөн гана коюп коюңуз.  
  • Бакай Банктын Кыргызстандагы өнөктөштөрүндө 60 пайызга чейинки арзандатуулар
  • Visa картын дүйнө жүзүндө 2 миллиондон ашуун банкомат кабыл алат
  • Бакай Банктын камкор байланыш-борбору сиздин картыңызга тиешелүү болгон маселелер боюнча күнү-түнү жардам берүүгө даяр.

Суроолорго 24/7 жооп беребиз:

  • 6111 (уюлдук телефондордон) 
  • WhatsApp: +996 554 006 111