Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


«Бакай Банкта» контактысыз Visa payWave карталары чыгарылып, тарифтер төмөндөдү

25 Декабрь 2019

Visa payWave карталары терминалга салбастан, мониторго тийгизип коюу менен гана төлөсө болот. «Бакай Банктын» бардык  Visa карталары эми ушул технология менен жабдылган. Аны тейлөө жана акча чыгаруу үчүн комиссия төмөндөдү.  

Visa payWave карталарынын артыкчылыгы катары анын ыңгайлуулугун, төлөмдөрдүн тездигин жана коопсуздукту атаса болот. Контактысыз карталардын ээлерине чектерге кол коюугу зарылчылык жок, төлөм бир нече секундда жүргүзүлүп, ээси картаны колунан чыгарбай эле төлөп коет. 

«Бакай Банк» жана «БТА Банктан» 2019-жылдын 23-декабрынан баштап чыгарылган бардык Visa карталар payWave технологиялары менен жабдылган.

Мындан тышкары, Visa карталарын тейлөө тарифтери төмөндөдү. Мисалы, жеке жактар үчүн сомдук Visa Gold карталарын жылдык тейлөө  эми биринчи жылы 1000 сом, калган жылдары 700 сом болду.

Жеке жактар үчүн  Visa тарифтери

Операция /кызмат

Classic

Gold

Infinite

Classic

Gold

Infinite

Карта валютасы

KGS

KGS

KGS

USD

USD

USD

Чыгарылышы жана жылдык тейлөө

Эсеп ачуу жана негизги/кошумча картанын чыгарылышы

Акысыз

Акысыз

Акысыз

Акысыз

Акысыз

Акысыз

Негизги/кошумча картанын 1-жылы үчүн жылдык тейлөө

300

1 000

30 000

5

15

400

Негизги/кошумча картанын 2-жылы жана кийинки жылдардагы жылдык тейлөө 

200

700

25 000

3

10

350

 

«Бакай Банк» ошондой эле жеке жактар үчүн акча каражаттарын банкоматтардан жана Достук түйүндөн чыгаруудагы комиссияны да төмөндөттү: ал  0,3% болот. Ал эми эмгек акылык долбоорлордун кардарлары картадан каражатты акысыз чыгара алышат.

«Бакай Банк» менен «БТА Банктын» Visa картасын алып жүргөндөр, аларды кайра чыгартып,  payWave технологиясы менен жаңы карталарды алышса болот.

Коопсуздук максатында PIN-код киргизбестен контактысыз жол менен төлөм жүргүзүүнүн колөмүнө жана санына суткалык чектөөлөр бар.

«Бакай Банк» «БТА Банктын» акцияларын сатып алып, «БТАны» өзүнө бириктирүүгө Улуттук Банктан уруксат алган. Реорганизация 2020-жылдын январында аяктайт. Ошол эле убакта, «БТА Банктын» кардарлары менен келишимдер, буга чейин макулдашылгандай мөөнөтү аяктагыча күчүндө болот.  «БТА Банктын» карталары да «Бакай Банктын» карталары болуп иштей берет.