Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Филиалдын жамаатынын 8-марттагы куттуктоосу тартылган видео тууралуу

08 Март 2021

Жамааттын 8-март майрамы менен орунсуз куттуктоосу тартылган жана социалдык тармактарга таркаган видеодогу окуя филиалдардын биринин кызматкерлери тарабынан жумуштан тышкаркы мезгилде уюштурулган жана Банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөсү менен макулдашылган эмес.

Иш-чаранын форматы банктын корпоративдик баалуулуктарына жана этикасына каршы келет, видеодогу окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу адамдар аныкталат.

Бакай Банк бул видео үчүн кечирим сурайт жана мындан ары мындай окуялардын кайталанбашы үчүн бардык аракеттерди көрмөкчү.

Банк сексизмсиз, ошондой эле этикалык алкактан тышкары чыкпаган коммуникациялык саясатты карманат. Бакай Банк 8-март майрамын аялдардын тең укуктуулугунун жана жеткишкендиктиринин күнү катары белгилейт.

Бакай Банк кошумча суроолорго жооп берүүгө даяр:

Email: zsultanbekova@bakai.kg