Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


«Бакай Банк» жана «БТА Банк» бир банк болуп биригүүдө, ал «Бакай Банк» бренди менен  иштейт


«Бакай Банк» жана «БТА Банк» бир банк болуп биригүүдө, ал «Бакай Банк» бренди менен  иштейт

 Биригүүнүн тарыхы

Реорганизация биригүү түрүндө өтүүдө, ал бириктирилип жаткан банктын (БТА банк) укуктарын (активдерин) жана милдеттерин (милдеттенмелерин) өткөрүп берүү актысына ылайык, бириктирип алып жаткан банкка (Бакай банк) өткөрүп, ишмердиги токтотулат дегенди билдирет.

  • 2019-жылдын март айы: «БТА Банк» ЖАКы менен «Бакай Банк» ААКы, эки банкты, «БТА Банк» ЖАКынын акцияларын «Бакай Банк» ААКына сатуу жолу менен бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алышкан.  
  • 2019-жылдын июнь айы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «БТА Банк» ЖАКынын акцияларына «Бакай Банк» ААКынын ээлик кылуусуна  уруксат берди.
  • 2019-жылдын октябрь айы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Бакай Банк» ААКына «БТА Банк» ЖАКын бириктирип алууга уруксат берди.
  • 2020-жылдын башы: Реорганизациянын финалдык баскычы — «Бакай Банк» ААКынын  Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүүсү. 

Кардарлар үчүн биригүү

Эки банктын тең кардарлары, мындан ары «Бакай»  банкынын кардарлары болуп калышат. Буга чейин түзүлгөн келишимдер мөөнөтү аяктаганча күчүндө болот. Карталар, эсептер, депозиттер жана «БТА Банктан» алып келген башка продуктулар менен кызматтарды, «БТАнын» кардарлар реорганизация аяктагандан кийин да мурдагы шарттар менен ала беришет. Бул биригүү, биригип жаткан «БТА Банктын» кардарларына ыңгайсыздыктарды жаратпайт.   

Биригүү эки банктын кардарларына бирдей пайда алып келет:

  • Жалпы республика боюнча 170тен ашык бөлүмү, банктар эки башка иштеп жаткандагыдан эки эсе көп банкоматтары жана терминалдары бар жергиликтүү ири банктан кызмат алуу. 
  • Бириккен банк «Бакай Банк» менен «БТА Банктын» мыкты тажрыйбаларын мурастап калат — кардарлар жакшыртылган сервис, пайдалуу продукттар жана технологиялык чечимдерди алышат.
  • Бириккенден кийин, банк, кардарлардын өзгөчө ыңгайы үчүн аралыктан банктык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча чоң максаттарды коюуда 

Биригүүнүн Кыргызстандын экономикасы үчүн пайдасы

 «БТА Банктын» эсебинен «Бакай Банкты» ирилештирүү толугу менен КР  УБнын Кыргызстандын каржы уюмдарынин ирилешүүсү боюнча стратегиясына ылайык жүрүүдө. Экономикалык серепчилер бул биригүүнү өлкөнүн экономикасы үчүн жагымдуу белги катары баалашууда.

  «Глобалдык дүйнөдө атаандаштыкка туруштук берүү үчүн, албетте, банктар ири болушу керек. Азыр, сөз, чындыгында ийгиликтүү иштеп жаткан эки банктын биригүүсү туурасында болуп жатат. «БТА Банк» дагы, «Бакай Банк» дагы рынокто өз орду бар банктар болуп саналат.  Болуп жаткан процессти жакшы көз карашта кабыл алуу керек" 

 

 

«Кыргызстан банктарынын союзунун» төрагасы, Анвар Абдраев

 «Банк продуктулары кымбат, кырдаал оңолушу үчүн рынокто ири оюнчулар, анын ичинде эларалык каржы институттары пайда болуусу керек»

 

 

 

Экономист Искендер Шаршеев

 

   «Мен чындыгында көп жакшы жактарын көрүүдөмүн. Кыргызстанда 25ке жакын банк бар – бул биздин калкты, экономиканын көлөмүн жана бизнестин айлануусун эске алганда башка өлкөлөргө салыштырмалуу абдан көп деп эсептелинет. Атаандаштык керектөөчүлөр үчүн көптөгөн упай алып келүүсү менен жакшы, бирок ашкере атаандаштык да зыяндуу. Кыргызстанда кандайдыр бир банктар биригүүнү мерчемдеп жатышса – бул жагымдуу белги»

 

 

КР өкмөтүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин экономика жана каржы боюнча эксперти

Азамат Акенеев

 

 «Рынокто ири оюнчу пайда болду. Бул өз активдерин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы банк арзан акчаларды тарта алат. Бүгүн, атаандыштыкты жогорулатуу боюнча жүрүп жаткан иштер, экономика жана керектөөчүлөр үчүн пайдалуу»

 

 

BizЕxpert уюмунун негиздөөчүсү,  

 «БайлыкФинанстын» директорлор кеңешинин мүчөсү

Улук Кыдырбаев

«Кардарларга ири банктардан кызмат алуу пайдалуу, анткени алар туруктуу болуп эсептелинет. Эки банк өздөрүнүн мыкты тажрыйбаларын бириктирүүдө, аларда инновациялык продуктуларды иштеп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көп болот. «БТА» менен «Бакай» биригип, эки команданын жанаша иштөөсү менен күчтүү жактарын алып, алсыздарынан арылып бири-бирин кошумчалап турушат. Мындан сырткары, бул кредиторлор үчүн жагымдуу белги, алар үчүн тобокелчиликтер азайып, «Бакай Банкка» мурдагыдан да активдүү салым кыла башташат»

 

Экономика боюнча көз карандысыз эксперт  

Азамат Акелеев

 

«Эки ийгиликтүү банк биригүүдө жана өз активдерин бириктирүүдө. Бул эң жакшы. Мындай ири конгломераттар эң алыскы аймактарды да камтый алышат. Керектөөчүлөр үчүн эмнеси менен жакшы? Биринчиден, бул банктын каржылык туруктуулугу. Экинчиден, банктын түйүндөрүнүн саны артат»

 

 

Бизнес-консультант

Азамат Аттокуров

 

Реорганизациядан кийинки негизги көрсөткүчтөр*

*2019-жылдын 1-сентябрына карата

Филиалдык түйүн боюнча 4-орун. Кеңселердин (филиалдардын, сактык кассалардын) жана АТМдердин санынын эки эсе көбөйүүсү кызматтардын Кыргызстандын баардык облустарында жеткиликтүү болуусун жеңилдетет.