Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Баалуу металлдар жана монеталар


 

Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби

Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебибаалуу металлдарга акча салуу менен анын наркы өскөн шартта кошумча киреше алуунун эң эле алгылыктуу ыкмасы.

 

Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби — бул,  сапат белгиси, куйманын номери жана аны даярдап чыгаруучу тууралуу маалыматтар көрсөтүлбөгөн, грамм менен өлчөнгөн баалуу металлдар чагылдырылган эсеп.

Кайсыл болбосун убакытта куймаларды колго алып көрүүсүз, текшерүүдөн (экспертизадан) өткөрүүсүз  эле, аны сатып алып, банкка сатууга болот.

 

Кандай баалуу металлдарды сатып алууга болот?

  • Алтын
  • Күмүш
  • Платина

 

Баалуу металлга каражат жумшоо менен кантип кошумча акча табууга болот?

1. Баалуу металлга акча жумшоонун ыңгайлуу ыкмасы акрылуу.

2. Котировкалар алгылыктуу (керектүү) баага жеткен кайсыл болбосун убакытта баалуу металлды сатуу аркылуу.

 

Баалуу металлга инвестициялоо эмне үчүн пайдалуу?

  • Жыйым топтоонун эң эле алгылыктуу ыкмасы.
  • Узак мөөнөткө салым салуу ыңгайы.
  • Тескөөгө алуу ыңгайлуу – мында, мекталлдын кандай шартта сакталышы тынсыздандырбайт.  
  • Оңой сатып алып, сатуу.
  • Ашыкча чыгым жок – сатып алуу-сатууда КНС кармалбайт.
  • Тескөөгө алуу ыңгайлуу – эсепке мөөнөт белгиленбейт, демек кайрадан тариздетүүнүн зарылчылыгы жок.

Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептерин пайдалануунун артыкчылыктары:

  • Инвестициялык портфелди диверсификациялоо.
  • Абсолюттук ликвиддүүлүк. Металл эсептерин кандайдыр бир кыйынчылыктарсыз эле акчалай активге айландырууга болот.
  • Баалуу металлдарды сактоодо жана ташып жеткирүүдө эч кандай көйгөйлөрдүн жаралбашы жана чыгашалардын келип чыкпашы.
  • Баалуу металлдарда минималдуу салым 0,1 граммдан башталат.
  • Баанын өзгөрүшү эсебинен алынган кирешеден салык алынбайт.

Алтынга баа динамикасы (2005-2018-жылдар аралыгында)

Суроолор болсо 31-14-86-телефонуна чалып, жооп алууга болот. 

Металл эсептери күрөөсү алдында кредит алуу

"Бакай Банкы" ААКсы металл эсептерине ээ болгондорго аларды күрөө катары сунуштоо менен кредит алуу ыңгайлуулугун да сунуштайт. Ошентип,  Банк кардарлары  баалуу металл эсептеринин камсыздоосу алдында кредитти гана тариздетпестен, үчүнчү жактар кредит алган шартта күрөө коюучудан да боло алышат. 

Максаттуу аудитория:

  • Юридикалык жактар
  • Жеке ишкерлер, жеке адамдар

Кредит өздөштүрүлүүчү максаттуу иш багыттары:

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун иш багыты.

Негизги шарттар:

  • Кредит валютасы: Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жана АКШ доллары
  • Кредиттин минималдуу суммасы: 10 000 сом, 150 АКШ доллары
  • Кредиттин максималдуу суммасы: баалуу металл наркынын 70% апшаган өлчөмүндө
  • Кредиттин минималдуу мөөнөтү: 1 ай
  • Кредиттин максималдуу мөөнөтү: андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен 2 жыл
  • Кредитти төлөө: Пайыздар ай сайын (айына бир жолу) төлөнөт. Негизги карыз суммасын төлөө – эркин түзүлгөн график боюнча ишке ашырылат.

Кредит 3 күндүк мөөнөт ичинде берилет

 

 

Баалуу металл куймалары

 

Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана сатып алуу

 

«БАКАЙ БАНКЫ» ААКсы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген алтын куймаларды сатат жана сатып алат.

Баалуу металлдарга салымдар топтогон жыйымды сактоо каражаттарынын бири болуп саналат. Алтын куймалар жогорку ликвиддүүлүккө ээ жана баалуу металлдарга дүйнөлүк баа өсүп кеткен шартта да, мындай салым кошумча киреше алып келиши мүмкүн.

«БАКАЙ БАНКЫ» ААКсы алтын куймаларды сатып алуу жана сатуу кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланып калууну сунуштайт.

Салмагы 1 граммдан 31,1035 граммга чейинки өлчөнгөн куймалар ар кандай тышкы таасирлерден ишенимдүү коргогон капталып таңычакталган түрдө чыгарылган жана бул бир эле учурда анын сертификаты да болуп санлат. Таңычактын – сертификаттын бүтүндүгү өлчөнгөн куйманын анык экендигинин кепилдиги болуу менен кайра сатып алууда кардар менен дароо эсептешүүнү камсыз кылат. Өлчөнгөн куйма же коргоо таңычагы – сертификаты жараксыз болуп калса же жок болсо, куйма кылдат экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш. Экспертиза кайра сатылып алынган куйма суммасынын 1% өлчөмүндө төлөм кармап калуу менен 14 жумуш күнү ичинде ишке ашырылат.

Өлчөнгөн куйма капталган таңычакты сыйрып ачууга жол бербилбейт.

Жекеадамдарга өлчөнгө куймалар алардын ким экендигин тастыктаган документ (паспорт), ал эми юридикалык жактарга банкта эсеп ачуу үчүн талап кылынган документтер сунушталган шартта гана сатылат.

Куймаларды накталай сыяктуу эле, нак эмес түрдө, ошондой эле  өлчөнгөн куймаларды сатып алуу-сатуу боюнча иш алып барууга ыйгарым укуктуу болгон “Бакай Банкы” ААКсынын мекемелеринин жүгүртүү кассаларында жайгашкан ПОС-терминалдарда банктык карттар аркылуу эсептешүү аркылуу сатып алуу  мүмкүнчүлүгү жөнгө салынган.

 

Алтын (Au)

Алтын куйма баасы:

Салмагы, г.:

Туурасы,мм  Узундугу,мм  Сапат белгиси: 

 1,00 г.

813,8999,9

 2,00 г.

1118,9999,9

 5,00 г.

1424,1999,9

 10,00 г.

1525,8999,9

 31,1035 г.

2237,9999,9

 100,00 г.

2745999,9

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монеталары

 

 

Кыргызстандын коллекциялык монеталары сувенирдик продукт же коллекция топтоо, инвестициялоо предмети гана болбостон, маанилүү маалыматтар булагы да болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, андан ары калыптанышына байланыштуу басып өткөн тарыхый жолду, маданий эстеликтерди, мааракелик күндөрдү, искусство, маданият жана спорт жаатында өзгөчө жетишкендиктерди, улуттук салт-санааны, оюн-зоокту кеңири даңазалоо, Кыргызстандын аймагында кездешкен, жок болуп бара жаткандыгынан улам өзгөчө камкордукту талап кылган флора, фауна, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнө айрыкча көңүл бурууга үндөгөн, тарых бетинде көөнөрбөс эмгеги менен өлбөс-өчпөс из калтырган кыргыздын чыгаан инсандарына таазим этип, алардын таалим-тарбиясында келечек муунду тарбиялоо максатында бир канча серия алкагында коллекциялык монеталарды чыгарып, тарыхта алардын татыктуу ордун тастыктап келет. 

Бүгүнкү күндө коллекциялык монеталарды кесипкөй-коллекционерлер гана эмес, инвестиция топтоо жана жумшоого ниеттенген жөнөкөй жарандардын да ага болгон кызыгуусу артып бара жаткандыгын байкалууда.

 

Монетанын аталышы

 Номиналы 

Металлы, пробасы

Сатуу баасы

Салмагы

Диаметри

Сапаты

Чыгарылган датасы

Сүрөтү

1

Ак илбирс

200 сом

 999°  алтындан эки асыл ташты чөгөрүү менен

71'445

15.55

25,00

Proof

25.12.2015

2

Курманжан Даткага 200 жыл

100 сом

999° алтын

27'600

7.78

22,60

Proof

08.08.2012

3

Кыргыз каганатынын женил куралданган жоокери

10 сом

925°   күмүш оксидирлөө менен

3'080

28.28

38,61

Proof-like

20.12.2016

4

Кыргыз каганатынын шайма - шай куралданган жоокери

10 сом

925°   күмүш оксидирлөө менен

3'300

28.28

38,61

Proof-like

07.12.2017

5

Курманжан Даткага 200 жыл 

10 сом

925° күмүш эки Swarovski® кристаллын чөгөрүү менен

2'200

28.28

38.60

Proof

08.08.2012

6

Жейрен

10 сом

925° күмүш/ 999° алтын менен капталган

2 530

28,28

38,60

Proof

26.08.2013

7

Ак илбирс

10 сом 

925° күмүш эки Swarovski® кристаллын чөгөрүү менен

2 400

28.28

38.60

Proof

21.08.2012

8Улуу Жибек жолу  10 сом  925° күмүш/ 999° алтын менен капталган жана түстүү эмаль колдонулган    3 74031.138.61-20.12.2011
9Жамийла10 сом925° күмүш1 98028.2838.60Proof04.05.2009
10Биринчи мугалим10 сом925° күмүш1 98028.2838.60Proof04.05.2009
11Саманчынын жолу10 сом 925° күмүш1 98028.28  38.60Proof04.05.2009
12Гүлсара10 сом925° күмүш1 98028.2838.60Proof04.05.2009
13Ак кеме10 сом 925° күмүш  1 98028.28 38.60Proof04.05.2009
14Жусуп Баласагынга 1000 жыл10 сом925° күмүш алтын жалатуу менен3 56428,2838,61х38,61Proof01.11.2016 
15Эдуард чаар гүлү (Айгүл гүлү)10 сом925°  күмүш тампондук ыкмасы менен2 66228.2838,61*28,81Proof20.12.2016
16Каркыра10 сом 925°  күмүш алтын жалатуу менен3 46528.2838,61*28,81Proof07.12.2017
17Тоодак   10 сом925°  күмүш түстүүөзгөртүү ыкмасы жана алтын жалатуу менен2 20028.2838.60Uncirculated 15.06.2015
18Үкү10 сомсеребро 925°  күмүш тампондук ыкмасы менен1 65028.2838.60Proof11.08.2014
19Бугу эне 10 сом925°  күмүш, түстүү эмаль колдонулган1 98031,1 38.60-29.10.2009
20Бүркүт10 сом925°  күмүш, түстүү эмаль колдонулган1 98031,138.60-29.10.2009
21Манастын Күмбөзү10 сом925° күмүш оксидирлөө менен1 98028.2838.60 Proof11.08.2014       
22Саймалуу-Таш 10 сом925°  күмүш тампондук ыкмасы менен 2 75028,2838,6Proof26.08.2013      
23Эгемендүү Кыргызстан"10 сом925° күмүш/ 999° алтын менен капталган жана түстүү эмаль колдонулган2 86028.2838.60Proof15.08.2011      
24Түндүк көтөрүү10 сом925° күмүш, түстүү эмаль колдонулган 1 65031,138.60-01.10.2010
25Сулайман-Тоо10 сом925° күмүш/ 999°алтын менен капталган2 75028.2838.60 Proof20.04.2009
26Бишкек  10 сом925° күмүш, түстүү эмаль колдонулган1 98031,138.60-18.12.2008
27"Комуз"10 сом925° күмүш3 195.5028,2838,61Proof10.05.2018
28Чыңгыз Айтматов - 90 жыл20 сом жез-никель7702538,61Proof-like29.10.2018