Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Жеке сейфтик уячалар


“БАКАЙ БАНК” ААК сиздин баалуу буюмдарыңызды сактоо үчүн жеке сейфтик уячаларды сунуштайт.

Банктык уячалар – бул сиздин баалуу буюмдарыңызды сактоонун ишенимдүү жана коопсуз ыкмасы. Бакай Банк акча каражаттары, антиквариат, документтер, зер буюмдар жана башка баалуу буюмдар сыяктуу баалуулуктардын сакталышына жана купуялуулугуна кепилдик берет. Биз сиздин муктаждыгыңызга жараша ар түрдүү өлчөмдөгү уячаларды ыңгайлуу ижара мөөнөтү менен сунуштайбыз

Тарифтер сом менен:

Эскертүү

Макулдашуулар жана келишимдер түзүлүп жаткан учурга карата колдонулган тарифтер көрсөтүлөт жана алар Банк тарабынан бир тараптуу кайра каралышы мүмкүн. Банк тарифтердин өзгөрүүсү тууралуу маалыматты жаңы тарифтер күчүнө киргенге чейин 10 күн мурда Банктынwww.bakai.kg. интернет-сайтына, Банктын кеңсесиндеги стенддерге жана маалыматты жайгаштыруунун башка жеткиликтүү каражаттарына жайгаштырат.

Тарифтер сатуудан алынчу салыкты жана КНСти эске алуу менен берилген.

Карталарды тейлөө боюнча, жеке банктык сейфтердин ижарасы боюнча тарифтерди жана шарттарды, кредиттер боюнча пайыздык чендерди жана башка шарттарды, сом жана башка (чет өлкө) валютадагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттер жана мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык чендерди Банк өзүнчө тиркемелерге белгилейт жана аларды рыноктук шарттарга жараша кайсы учурда болбосун кайра карап турат.

Банк эсеп/эсептер боюнча операциялардын өлчөмүнө жараша жана рыноктук шарттардын өзгөрүшү сыякатанган башка факторлорго жараша, кардарларга жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган жекече комиссияларды жана сый акыларды белгилөө укугун өзүндө калтырат.