Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


«Бакай Банктан» жаштар үчүн сынак: байге 25 000, 20 000 же 10 000 сом салынган депозит түрүндө

18 Март 2020

«Бакай Банк»мектеп окуучулары жана студенттер арасында байге фонду 55 миң сомдон турган сынак жарыялайт. Жеңиш үчүн финансылык-экономикалык терминдерди түшүндүргөн видео тартып, ал TikTok социалдык түйүнүндө эң көп көрүлүшү керек. Сынак Дүйнөлүк акча жумалыгына арналат.

2020-жылдын 20-мартынан 3-апрелине чейин мектеп окуучулары жана студенттер үчүн (Кыргыз Республикасынын 25 жашка чейинки жарандары) «Бакай Банктын» сынагы өтөт.   Биринчи орун үчүн сыйлык — 25 миң сом, экинчиге — 20 миң сом, үчүнчү орунга — 10 миң сомдук баштапкы салымы бар депозит ирээтинде ыйгарылат.

Шарттары жөнөкөй: 

  1. Кыргыз же орус тилинде финансылык-экономикалык терминдерди түшүндүргөн видеоролик тартуу керек. 
  2. АныTikTokсоциалдык түйүнүнө #GMW2020 #bakaibank хэштегдери(башка хэштег болбошу керек)менен жайгаштырыңыз.
  3. Видеоролик эң көп көрүлгөн болушу керек. Жыйынтык 3-апрелде чыгат.

Сунушталган терминдер:

  • Пин-код
  • Банк
  • Депозит
  • Кредит
  • Инфляция
  • Валюта
  • Акча которуулар
  • Баалуу кагаздар
  • Бюджет

Жеңүүчүгө приз баштапкы капиталы 25 миң, 20 миң жана 10 миң сом салынган депозит ирээтинде берилет.  Жашы жете электерге «Балдарүчүн» депозити ата-энесинин бирөө же мыйзамдуу өкүлү тарабынан ачылат. Ал эми жашы жеткен жеңүүчүлөр  «Мөөнөттүү» депозит түрүндө байгеге ээ болушат.  

«Бакай Банк» онлайн-конкурсу Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында өтүүдө. 

Лицензия КРУБ №043

bakai.kg

6111 (мобилдик телефондон)

+996 554 006 111 (Whatsapp)

 

Поделится