Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


«Тазалык» ишканасы желим бөтөлкөлөр үчүн 100 тор челек орнотууда – долбоорго «Бакай Банк» колдоо көрсөттү

10 Декабрь 2019

Май айында Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду (WWF)  желим бөтөлкөлөрдүн бузулуусун түз трансляция кылган. «Дүйнөдөгү эң узак» стримде, бөтөлкө эч нерсе болгон жок. Фонддун маалыматы боюнча анын бузулуусу үчүн дээрлик 450 жыл керек! Эң эле узак убакытты талап кылганына байланыштуу экологдор таштандыны өз-өзүнчө чогултуп, анын кайра иштетүүгө кетүүсүн көзөмөлдөө керектигин эскертишүүдө.

«Бакай Банк» шаардын санитардык абалын жакшыртуу максатында «Эко Деми» коомдук фондунун консультациялык колдоосу менен муниципалдык «Тазалык» ишканасына Бишкекте желим чогултуучу 100 тор челек  орнотууга каражат бөлдү.

 «Биз таштанды жана аны кайра иштетүү, табиятка жана айлана-чөйрөгө камкор мамиле кылуу маселесин  мамлекет ар тараптуу жөнгө салуусун каалайбыз. Биз бизнестин, таштанды менен иштөө үчүн мүмкүнчүлүгү жетпеген мамлекеттик ишканаларга жардам берүүсүн сунуштайбыз», — дейт фонддун жетекчиси Айжан Чыныбаева.

Анын маалыматы боюнча, бишкектиктер ыргытып жаткан таштандынын 30% желим идиштерге туура келет. 

Бишкектин райондоруна чоң70жана кичине 30 тор челек бөлүштүрүлүп орнотулат. Ар бир районго 25 тор челек тура келет. Учурда контейнерлер кийинки даректерге орнотулду:

Свердлов району боюнча желим салуучу тор челектер:

1. Театралдык сейил багы

2.Жеңиш аянты(Red центрге жакын)

3. Восток-5, Изумруд

4. Аламүдүн – 1 кичирайонундагы курулушчулар шаарчасы, № 1 үй

5.МамбетовакөчөсүФОК

Свердлов району боюнча желим  салуучу тор челектер:

1.Ош базары(Киев-Бейшеналиева)

2.Ош базары(Токтогул,Ала-Арча көпүрөсү)

3.№1 Шаардык клиникалык ооруканасы,Фучиккөчөсү 1

4.Чүй проспекти, Хан-Кошой кафеси (Ленин акимчилигинин жанында)

5.Ден Сяопин көчөсүндөгү базар

 

Поделится